Ош ш. ЖЭБи кышка даяр!

Ош ш. ЖЭБи кышка даяр!

Ош ш. мэриясынын 2019-жылдын 4-ноябрындагы № 604-Б тескемесине ылайык Ош шаарында жылытуу мезгили 2019-жылдын 5-ноябрында башталган. Азыркы убакта станциянын негизги жана жардамчы жабдуулары штаттык режимде иштеп жатат, бардык керектөөчүлөр ченемге ылайык жылуулук энергиясы менен камсыздалган. Бардык от казан агрегаттары, магистралдык жана кварталдык тармактар толугу менен даяр, азыркы мезгилде камдыкта 3099 тонна мазут бар жана 9961,86 тоннасы сактоого коюлган.

Бул жылы Ош ЖЭБин кышка даярдоодо, борбордун жабдууларын оңдоп-түзөө иштерин энергетиктер жыл ичинде өткөрүшкөн. Күз-кыш мезгилине даярдык аяктаары менен энергетиктер дароо кийинки жылдын жылытуу мезгилине оңдоо-даярдоо иштерин башташат.

Ош ЖЭБи бардык жабдуулардын ишине эң жогорку техникалык-экономикалык талаптарга ылайык шаарды жылуулук менен толук камсыздайт. Күз-кыш мезгилинен өтүүнүн бардык мөөнөтү болжол менен 137 күндү түзөт.

Ош ш. ЖЭБи көп кабаттуу 319 үйдү (16 992 абонент), 21 орто мектепти, 12 балдар бакчасын, 12 саламаттыкты сактоо объектилерин, 88 бюджеттик уюмдарды, 298 башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылаарын белгилеп кетебиз.

Маалымат үчүн: ЖЭБдин балансында жалпы узундугу 58,474 км болгон магистралдык жана кварталдык суу жылуулук тармактары турат, анын ичинде:

  • магистралдык – 29,711 км;
  • кварталдык – 28,763 км.