«Мен сөзсүз энергетик боломун!»

«Мен сөзсүз энергетик боломун!»

Токтогул ГЭСинин болгон кубаттуулугун жана айбаттуулугун көргөн соң, окуучулардын бири ишенимдүү түрдө “Мен сөзсүз энергетик боломун” - деп айтты.

Кыргыз Республикасынын энергетикасынын асабасы болуп кайсы ишкана саналат? Албетте бул Токтогул ГЭСи. Бул стратегиялык ишканага кирүү бөлөктөр үчүн жабык, бирок Жалал-Абад жана Ош облустарынын жатак-мектептеринин балдарына биз артыкчылык жасадык жана үстүдөгү жылдын жазында Токтогул ГЭСинде “Мен инженер” аттуу Ачык эшиктер күнү өткөрүлгөн.

Иш-чаранын алкагында Токтогул ГЭСтери Каскадынын жетекчилиги балдарды жатакана менен камсыз кылса, Каскаддын кызматкерлери өз демилгелери боюнча тамак-ашын уюштурушту.

Бул саамалык “Бишкек Ротаракт клуб” жаштардын уюму менен биргеликте өткөрүлгөн. Иш-чаралардын алкагында мектеп окуучулары үчүн тренингдер, семинарлар жана экскурсиялар өткөрүлдү, ошондой эле балдар үчүн энергетика тармагындагы тажрыйбалуу инженерлер менен жолугушуулар уюштурулду, Токтогул ГЭСтеринин Каскадынын “Энергетиктер” музейине барышып, мектеп окуучулары Кыргыз Республикасынын энергетикасын өнүктүрүү тарыхын биле алышты.

Кара-Көл шаарындагы саякаттын эң маанилүүсү бул Кыргыз энергетикасынын ири объектиси Токтогул ГЭСин кыдыруу болду.

Экскурсия энергия объектинин аймагында туруп, кыйшаюсуз сактоо керек болгон коопсуздук эрежелеринен башталды. Токтогул ГЭСинин аймагын кыдыруу маалында жалпы тааныштыруу лекциясы өткөрүлдү, ошондой балдар гидроагрегаттардын иши менен таанышты, электр кантип генерирленээрин көрө алышты, гидро станциянын сейрек жабдууларынын иши менен дагы тааныша алышты.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча уюштуруучулар кызыктуу убакытты өткөргөндүгү үчүн балдардын алкоолорун угушту. Токтогул ГЭСине барышып жана энергетика тармагы тууралуу билишкен соң, бир нече балдар өз келечектерин энергетика менен байланыштырышты.

Белгилеп кетиш керек, Кыргыз Республикасынын энерго тутумдарынын 85 жылдык мааракесинин алкагында, башта компания тарабынан Б.Н. Ельцин атындагы КРСУ, И. Раззаков атындагы КМТИ жана И. Раззаков атындагы КМТИге караштуу плитехникалык колледждин кесиптик факультеттеринин студенттери үчүн ачык эшиктер күндөрү өткөрүлгөн, ошондой эле борбордук ЖЭБди №27 ОБМ жогорку класстын окуучулары барып көрүшкөн. Ошондой эле компания, биздин үйдөгү жылуулук менен жарыктын артында энергетика компанияларынын кызматкерлеринин эбегейсиз жана ынталуу иши тураарын келечек муунга жалпы тааныштыруу үчүн филиалдар боюнча ушундай мүнөздөгү иш-чараларды өткөрүүнү болжолдоодо.

Токтогул ГЭСинде Ачык эшиктер күнү