Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди

Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди

Кыргыз Республикасынын белгилүү ишмеринин 100 жылдык мааракесин майрамдоонун алкагында үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Турдакун Усубалиевдин ысымын Күрп-Сай ГЭСине ыйгаруу саамалыгы боюнча салтанаттуу иш-чара орун алды.

Күрп-Сай ГЭСи Токтогул ГЭСтеринин Каскадынын экинчи баскычы жана Кыргызстандагы гидроэлектр станциялардан кубаттуулугу боюнча экинчиси болуп саналат. Анын курулушу 1976-жылы Токтогул ГЭСи бүткөрүлүп жана ишке берилгенден кийин дароо башталган.Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна Турдакун Усубалиевдин салымы өлчөөсүз.

Курулуш иштери башынан аягына чейин түздөн-түз анын көзөмөлүндө болуп турду, ал бардык маселелерди чечүүдө жана Москвада аларды макулдашууда чоң көмөк көрсөтө алган.

1981-жылы Т. Усубалиевдин катышуусунда биринчи агрегатты жүргүзүү орун алган. Күрп-Сай ГЭСинин энергиясы Борбордук Азиянын энерго тутумуна кошулган. Күрп-Сай ГЭСи Токтогул ГЭС Каскадынын экинчи баскычы жана Кыргызстандын гидро электр станцияларынын кубаттуулугу боюнча экинчиси болуп саналат.

Биринчи гидроагрегатты (1981-жылы 22-февралда) жүргүзгөндөн баштап 2019-жылга чейин электр энергиясын иштеп чыгуу 117 млрд. 900 млн. 290 миң кВтсаат электр энергиясын түзгөн.

Электр энергиясын үзгүлтүксүз иштеп чыгуунун жетишилген көрсөткүчтөрү, ГЭСтин жабдууларын пайдалануу жана сактоо боюнча персоналдын кесиптик деңгээлинин жогору экендигинен кабар берет.

Станциянын жабдууларынын электр техникалык жана гидро техникалык абалдарынын жешилүүсүн жана эскирүүсүн эске алуу менен ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана кызмат мөөнөтүн узартуу үчүн, ГЭСтин эмгек жамааты тарабынан электр техникалык түзүлүштөрдүн пайдалануу мүнөздөмөлөрүн жана параметрлерин жакшыртуу боюнча илимий-изилдөө иштери турактуу негизде жүргүзүлүп, рационализатордук сунуштарды жайылтуу үчүн берилип турат.