Энергетика - табияты аял затына таандык сөз. Энергетиканын ардагери Д. Шаймергенова менен интервью

Энергетика - табияты аял затына таандык сөз. Энергетиканын ардагери Д. Шаймергенова менен интервью

- Дамира Шейшеевна, айтсаңыз, ар дайым эркектерге тийиштүү деп эсептелген энергетикага, Сиз кандайча келип калдыңыз.

- Мектепте мен математикага жана физикага абдан кызыкчумун. Андыктан техникалык кесипти тандоо убакыттын гана иши болду. 1954-жылы орто мектепти аяктаган соң улуттук университеттин политехникалык факультетине иш-кагаздарымды тапшырдым ( бир айдан кийин институт болуп кайра түзүлдү). Кирүү экзамендерин эң жакшы бааларга тапшыргандыгыма байланыштуу Г. Сухомлинов (математика факультетинин ошол кездеги деканы) мени өз факультетиме баруумду узакка дейре суранды, качан ал Политехникалык институттун директору болгон соң, менин макул эместигиме кубанып жүрдү.

Биз Люция Айтматова менен энергофактын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн биринчи кыргыз кыздары болуп калдык. Энергетикага барышыма менин атамдын кеңеши түрткү болду жана мен ага ыраазымын. Бул жерден көздөгөнүмдү жана тагдырымды таптым - жолдошум Асан Шаймергенов - ал дагы энергетик.

- Дамира Шейшеевна, соңку жылдары Сиз Кыргызэнергохолдингде, кайра түзүүлөрдөн кийин “Электр станциялар” ААКыда, маалымат жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүн жетектедиңиз, тагыраагы тармактагы бардык иштерден кабардар болуп турчусуз.

- Ооба, биз методикалык адабияттар, бүткүл Союздун энергетиктеринин катышуусундагы семинарларды уюштуруу менен алектенчүбүз, жумасына бир ирет телеге “Энергетик саатын” киргизгенбиз, тармактык гезиттерди чыгарчубуз жана башкалар.
Менин оюмча, энергетиканын ролу өлкө экономикасына эле эмес, ар бир атуулдун жашоосуна да канчалык чоң экенин айрымдар жеткире түшүнө беришпегендей. Элестетип көрүңүз: эгер электр жарыгы менен жылуулук бир күнгө толугу менен өчүп калса, эмне болот? А эгер узак убакытка созулсачы?

Биз жер-шарынын учурдагы жашоочулары, электр агынын - бул Жараткан тарабынан берилген деп, мисалы суу сыяктуу эсептейбиз. Электр өчүрүлгөндө себебин билиш үчүн диспетчерлерге коңгуроо кылып баштайбыз.

А бирок калкты үзгүлтүксүз энергия жана жылуулук менен камсыздоо үчүн, ГЭСтерде, ЖЭБдерде, электр берүү линияларында укмуштуудай татаал жабдууларды тейлеп жана оңдоп түзөп, энергетиктердин ар кыл кесиптеги бир нече миңдеген жумушчулары өз ордуларында эмгектенишет эмеспи.

Бизде цивилизациянын бардык жыргалын пайдаланууга мүмкүнчүлүк болуш үчүн, жамгырда жана ысыкта, суукта жана кар жааганда күнү-түнү жумушка чыккан энергетиктердин ишине бардыгы эле тиешелүү бааны бере беришпейт. Эгер сиздин үйүңүздө лампа күйүп турса, демек энергетиктер иштеп жатышат. Союз урагандан кийин, кыйын акыбалга биздин эле тармак туш болбогондугун бардыгы жакшы билишет. Анткен менен, каржылык жана башка кыйынчылыктарга карабастан, 1994-95-жылдары Шамалды-Сай ГЭСинин экинчи жана үчүнчү агрегаттары ишке киргизилген. Бул тууралуу бардык энергетиктер сыймыктануу жана кубануу менен кеп кылышканы күнү бүгүнкүгө чейин эсимде.

Учурдан пайдаланып, кыргыз энергетикасынын бул мааракелүү 85 жылдыгында, тармактагы бардык эмгектенгендердин ишине ийгилик, ден-соолук жана үй-бүлөлүк бакты-таалай каалап кетким келет.