“Электр станциялар” ААКы мектепке чейинки билим берүү уюму үчүн Бишкек ш. №112 Баланы өнүктүрүү борборунда энергияны үнөмдөө боюнча ачык сабак өткөрдү

“Электр станциялар” ААКы мектепке чейинки билим берүү уюму үчүн Бишкек ш. №112 Баланы өнүктүрүү борборунда энергияны үнөмдөө боюнча ачык сабак өткөрдү

“Бирдиктүү жаркын - Кыргызстан” фестивалынын алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын негизделген күнүнүн 85 жылдыгына карата “Электр станциялар” ААКынын өкүлдөрү №112 балдар бакчасынын тарбиячысы Оксана Владимировна Евсюкова менен биргеликте энергияны үнөмдөө боюнча ачык сабак өткөрүштү.

Кызыктыруучу сабактын катышуучулары 5-6 жаштагы балдар болушту.

Балдарга элдердин жашоосундагы энергиянын маанилүү ролу тууралуу айтып беришти жана энергия ресурстарына кандайча жана кантип аяр мамиле кылуу керектигин, ошондой эле заманбап энергия натыйжалуу технологияларды турмуш-тиричиликте жана өндүрүштө кантип туура колдонуу керектигин түшүндүрүп беришти.

Энергетикалык сабактын өкүлдөрүн балдардын даярдыгы жагымдуу таңдандырды: балдар электр жана жылуулук, алардын кайда колдонулаары тууралуу суроолорго чын ыкласы менен жооп беришти, ошондой эле жаңы билимди алууга, электр менен жүргүзүлүүчү тажрыйбаларга катышууга даярдыгын жана сабактын өтүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Энергетиктер мектеп окуучулары жана кенже класстары үчүн энергия сабактын дагы бир нечесин өткөрүүнү мерчемдешүүдө. Энергияны туура колдонгонду жана үнөмдөгөндү энергетиктер жаңы жылдын алдына чейин окутушат.

Бишкек ш. №112 Баланы өнүктүрүү борборунда энергияны үнөмдөө боюнча ачык сабак