“Электр станциялар” ААКы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктайт!

“Электр станциялар” ААКы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктайт!

Бүгүн, 5-март күнү, Кыргызстанда кыргыздардын улуттук баш кийими – Ак калпак күнү белгиленет
Бул расмий эмес майрам кино режиссер Ырысбек Жабировдун демилгеси боюнча 2011-жылдан баштап өлкөбүздө белгиленип баштаган. Бул күнү маданий иш-чаралар жана акциялар өткөрүлөт жана мырзалар ак калпак кийишет.
Андан бери жыл сайын өлкөбүздүн ар кайсы шаарларында бул күнгө карата активдүү жарандар уюштурган иш-чаралар, ак калпакчан жарандардын аянтка чогулушу, концерттер, көргөзмөлөр өткөрүлөт. Муну менен улуттук каада-салттарды даңктоо жана өз маданияты үчүн кыргыз элинин сыймыктуу сезимин өөрчүтүү милдети кирет.
Ак калпак өзү тоолордун жана чокулардын тазалыгын туюндурат. Анын түзүлүшү карлуу тоо чокуларын эске салат.