“Электр станциялар” ААКтынын филиалдарында бүлүнүүгө каршы кезектеги машыгуулар өттү

“Электр станциялар” ААКтынын филиалдарында  бүлүнүүгө каршы кезектеги машыгуулар өттү

Үстүбүздөгү 12-13-ноябрь күндөрү Бишкек ЖЭБде бүлүнүү абалдарын жоюу боюнча квалификацияны жогорулатуу жана практикалык көнүгүүлөргө машыгуу үчүн ыкчам персоналдардын бүлүнүүгө каршы кезектеги машыгуулары өттү.

Өткөрүлгөн машыгуулардын соңунда ыкчам персоналдардын аракеттерин талдоо өткөрүлдү. Машыгуулардын жетекчилери жана контролдоочу жактар тарабынан бүлүнүү абалдарындагы ыкчам персоналдардын иш жүзүндөгү көнүккөндүгү “жакшы” деген баага бааланды. Бүлүнүүгө каршы машыгуулардын программасына ылайык, Бишкек ш. ЖЭБдин ыкчам персоналы алдыга коюлган маселени сапаттуу жана өз убагында аткарууну көрсөттү, бул анын иштеп жаткан жана камдыктагы жабдууларды коопсуз пайдалануу боюнча кеипкөй даярдыкта экендигин көрсөтүп жана далилдеп турат.

Буга чейин ушундай машыгууларга КР биринчи вице-премьери К. Боронов катышкан.

Компаниянын филиалдары - Ош ш. ЖЭБде, ТГЭС Каскадында, курулуп жаткан ГЭСтердин ишканаларында, Камбар-Ата-2 ГЭСте, Ат-Башы ГЭСте мындай иш-чаралар дайыма өткөрүлүп турат. 2018-жылдын ичинде жүздөн ашык бүлүнүүгө каршы машыгуулар өткөрүлгөн. Бул ишти баалоо менен бүлүнүү абалын жоюу боюнча ыкчам иш-аракетке окшоштуруп, иштеги жабдуулардын бузулушун элестетүү менен машыгуулар оюн түрүндө өткөрүлүп турат. Мүмкүн болгон бардык бүлүнүү абалдары өздөштүрүлүп турат.

Бүлүнүүгө каршы машыгуулар электр жана жылуулук түйүндөрүнүн, энергосистемдерди диспетчердик башкаруунун, бириккен диспетчердик башкаруунун, электр станциялардын ыкчам персоналынын квалификациясын жогорулатуу жана өндүрүштүк-техникалык окуулардын милдеттүү үлгүлөрүнүн бири болуп саналат.

Машыгууларды өткөрүү төмөнкү маселелерди чечүүгө багытталган:

  • бүлүнүүнүн өрчүүсүн эскертүү, аларды жоюунун мыкты жолун камсыздоодо алмаштыруу персоналынын өз алдынча жана биргелешкен аракеттердин негизиндеги персоналдын жөндөмдүүлүгүн текшерүү;
  • жабырлануучуну электр тогунун аракетинен бошотуу жана доктур келгенге чейинки жардамдарды көрсөтүү (квалификацияны контролдоо);
  • татаал режимдик абалда убакыттын чектелүү шарттарында башкаруу маселесин чечүүдө ыкчам чечимдерди жана аракеттерди кабыл алуу ыкмаларын калыпка салууну же калыбына келтирүүнү камсыздоо (үйрөтүү);
  • персоналдын иштерин жакшыртууга жана жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган зарыл болгон уюштуруу жана техникалык чараларды ачып көрсөтүү (сунуш).