“Электр станциялар” ААКтын Башкы директору Аскар Эркинович Эшимбеков дүйнөдөн өттү

“Электр станциялар” ААКтын Башкы директору Аскар Эркинович Эшимбеков дүйнөдөн өттү

Бүгүн 20-март күнү “Электр станциялар” ААКтын Башкы директору Аскар Эркинович Эшимбеков 57 жашында, оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүн “Электр станциялар” ААКтын эмгек жамааты кайгыруу менен билдирет.

Аскар Эркинович 1985-жылы электр станциялар, тармактар жана системалар кесиптиги боюнча И. Раззаков атындагы КМТУну аяктаган. Билими жогорку, техникалык.

Энергетика тармагында 34 жылдан ашуун эмгектенген. Эмгек ишмердиги Ош ш. ЖЭБде, электр слесары болуу менен эмгек жолу башталган.

Ош шаардык Кеңешинин депутаты, КР ЖК ОЭК бөлүмүнүн эксперти.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин ардак грамотасы менен сыйланган.

2018-жылдын май айында “Электр станциялар” ААКтын Башкы директорлугуна дайындалган.

Кесиптештери анын жогорку кесипкөйлүгү жана адамкерчилик сапаттарын баалашчу, ал Кыргызстандагы негизги иштеп чыгаруучу 4 500 эмгек жамааты бар компанияны башкарган. Аны менен өлкөбүздүн энергосистемасы оор жоготууга учурады.

Аскар Эркинович Эшимбековдун жакын туугандарына компания терең кайгыруу менен көңүл айтат.