«Электр станциялар» ААКтын башчылыгына жаңы башкы директор келди

«Электр станциялар» ААКтын башчылыгына жаңы башкы директор келди

Бүгүн, 2019-жылдын 28-июнунда, Таалайбек Матмусаевич Толубаев директорлор Кеңешинин чечими менен “Электр станциялар” ААКтын башкы директору болуп дайындалды.

Т.М. Толубаев энергосектордун тажрыйбалуу өндүрүшчүсү жана башкаруучусу болуп саналат. Эмгек жолун 1983-жылы “Нарынгидроэнергокурулуш” ААКтында электр куроочу болуп баштаган.

  • 1983 - 1985-ж. - “Нарынгидрокурулуш” ААКтында 3-даражадагы электр куроочу;
  • 1985 - 1987-ж. - СА катарында кызмат өтөйт;
  • 1987 - 1988-ж. - “Нарынгидрокурулуш” ААКтында 3-даражадагы электр куроочу;
  • 1988 - 1991-ж. - Фрунзедеги Политехникалык Институттун студенти;
  • 1991 - 1998-ж - Токтогул ГЭСинин машзалынын инженери, ЭТЛ инженери, ЭТЛ башчысы;
  • 1998 - 2005-ж. - Жалал-Абад ЭТИнин Таш-Көмүр РЭТ башчысы;
  • 2005 - 2005-ж. - Жалал-Абад ЭТИнин директорунун орун басары;
  • 2005 - 2006-ж. - Жалал-Абад ЭТИнин Таш-Көмүр РЭТ башчысы;
  • 2006 - 2007-ж. - Ош ЖЭТИнин башкы инженери;
  • 2007 - 2008-ж. - “ОШЭЛЕКТРОНУН” башкы директору, башкы директордун 1- орун басары, башкы директордун орун басары;
  • 2008 - 2013-ж. - “Электр станциялар” ААКтын Токтогул ГЭСтеринин Каскадынын башкы инженери;
  • 2013 - 2014-ж. - “Электр станциялар” ААКтын филиалы ТГЭСК директору;
  • 2014 - 2014-ж. - “Электр станциялар” ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары;
  • 2014-ж. сентябры - “Электр станциялар” ААКтын башкы директорунун милдетин аткаруучу;
  • 2014 - 2017-ж. - “Электр станциялар” ААКтын башкы директору.

Билими жогорку, техникалык, 1991-жылы “өнөр жай ишканаларын жана айыл чарбасын электр менен жабдуу” адистиги боюнча Фрунзедеги Политехникалык Институтту бүтүргөн. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы менен сыйланган.

Компаниянын баштагы башкы директору А.Э. Эшимбеков 2019-жылдын март айында, оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын эскертип кетебиз.