“Электр станциялар” ААКта акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны болуп өттү

“Электр станциялар” ААКта акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 28-декабрында “Электр станциялар” Акта акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны болуп өттү. Негизги маселе компаниянын директорлор Кеңешинин жаңы курамын шайлоо болду. Үстүбүздөгү жылдын 28-декабрында “Электр станциялар” Акта акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны болуп өттү. Негизги маселе компаниянын директорлор Кеңешинин жаңы курамын шайлоо болду.

Директорлор Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо күн тартибинин негизги маселеси болуп табылды. “Улуттук Энергетикалык Холдинг Компаниясы” ААкты Директорлор Кеңешине шайлануу үчүн төмөнкү талапкерлерди сунуштады:

Таалайбек Аскарович Байгазиев

Кыскача маалымат: 1970-ж.т., билими жогорку - Томск Политехникалык Университети, адистиги - инженер-жылуулук энергетиги.

Эмгек жолу:

  • 10.2005 - 03.2016 - “Кыргызстан УЭТ” ААК, коммерциялык-диспетчердик борбордун башчысы;
  • 03.2016 - азыркыга чейин “Улуттук Энергетикалык  Холдинг компаниясы” ААК, энергияны генерациялоо жана берүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 12.2016 - 12.2017 “Электр станциялар” ААК, директорлор Кеңешинин мүчөсү;
  • 12.2016 - 04.2018 “Кыргызстан УЭТ” ААК, директорлор Кеңешинин мүчөсү.

Азизбек Токтогулович Сабитов

Кыскача маалымат: 1966-ж.т., билими жогорку – И. Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университети, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети.

Эмгек жолу:

  • 12.2017 - 06.2018 - “Электр станциялар” ААК, стратегиялык өнүгүү жана тобокелдиктерди баалоо боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • 06.2018 - 10.2018 - “Улуттук Энергетикалык  Холдинг Компаниясы” ААК, адамдык ресурстарды башкаруу боюнча бөлүмүнүн эксперти;
  • 10.2018 - азыркыга чейин – корпоративдик башкаруу боюнча бөлүмүнүн башчысы.

Рустам Гусейнович Садыков

Кыскача маалымат: 1968-ж.т., билими жогорку, М. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университети, адистиги - инженер-механик, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу Академиясы, суу-энергетикалык ресурстарын башкаруу боюнча менеджери.

Эмгек жолу:

  • 07.2008 - 11.2015 - КР Энергетика, өндүрүш министрлиги, электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 04.2016 - азыркыга чейин – электр энергияны Жана жылуулук камсыздоо секторунун башчысы;
  • 12.2016 - 12.2017 “Ошэлектр” ААК, директорлор Кеңешинин мүчөсү;
  • 12.2016 - 04.2018 “Бишкек Жылуулук Тармагы” ААК, директорлор Кеңешинин мүчөсү.

Добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын 28-декабрынан тартып, “Электр станциялар” ААКтын Директорлор Кеңешинин курамы төмөнкүдөй:

  • Т.А. Байгазиев – Директорлор Кеңешинин төрагасы;
  • А.Т. Сабитов – Директорлор Кеңешинин мүчөсү;
  • Р.Г. Садыков – Директорлор Кеңешинин мүчөсү.

Акционерлердин жалпы жылдык жыйынынын күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча добуш берүүлөрдүн бүткөн жыйынтыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган мөөнөттөрдө “Электр станциялар” ААКтын расмий сайтына жарыяланат. 

Маселенин тарыхынан.

Директорлор Кеңешинин баштагы курамы төмөнкүдөй болгон: 

  • Н.М. Садыков – Директорлор Кеңешинин төрагасы;
  • Н.К. Токольдошев – Директорлор Кеңешинин мүчөсү;
  • Э.И. Козубаев – Директорлор Кеңешинин мүчөсү.

Акционерлердин кезексиз жыйыны Н.К. Токольдошевдин жана Э.И. Козубаевдин ыйгарым укуктарынын токтотулгандыгына байланыштуу, өзүлөрүнүн Берген арызына ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндө” Мыйзамынын 55- статьясына ылайык (Эгерде Директорлор Кеңешинин курамынын калган саны анын жарымынан аз болсо, Директорлор Кеңешинин курамында кандай болбосун өзгөрүүлөр Директорлор Кеңешинин бүткүл курамын шайлоо менен жүзөгө ашырылат) уюштурулган.

“Электр станциялар” ААКта акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны

Негизги маселе компаниянын директорлор Кеңешинин жаңы курамын шайлоо болду