“Электр станциялар” ААКнын имаратында масштабдуу дезинфекциялоо жүргүзүлдү

“Электр станциялар” ААКнын имаратында масштабдуу дезинфекциялоо жүргүзүлдү

“Электр станциялар” ААКнын имаратында Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан толук масштабдуу дезинфекция жүргүзүлдү.

Компаниянын кызматкерлери иштерин күндөлүк режимде, бирок коопсуздуктун жогорулатылган чараларын сактоо менен улантып жатышат.

Бардык бөлмөлөрдө санитайзерлер орнотулган, имараттарды күнүмдүк тазалоо дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлүп жатат, көп колдонулуучу эшиктин туткалары, тепкичтин тосмолору жана кармагычтары күнүнө бир нече жолу дезинфекцияланат. Кызматкерлер медициналык бет каптар жана колдорду тазалоо үчүн каражаттар менен камсыздалган.

Белгилей кетчү нерсе, “Электр станциялар” ААКы компаниянын кызматкерлерин ташыган унааларды тазалоону дайыма жүргүзүп турат.

Имаратка кире бериште дене табынын жогорулашын текшерүү үчүн жылуулук визорлору орнотулган.