«Электр станциялар» ААКму Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайт

«Электр станциялар» ААКму Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайт

Урматтуу мекендештер, Курман айт майрамыңыздар менен!

Сиздерди бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн ыйык болгон Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Ислам дининдеги нарктуу салт катары Курман айт ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана кең пейилдүүлүккө чакырат. Курман айт мусулмандар үчүн барга топук кылып, жокко чөкпөй, маркумдарга куран түшүрүп, тазалык жана мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парздарын аткарууга үндөгөн тарбиясы менен маанилүү.

Улуттар аралык ынтымак менен достукту бекемдөө, өз ара сый-урматка үндөгөн сезимдер, мусулмандар үчүн ыйык туткан чыныгы баалуулук катары эсептелет. Андыктан Курман айт мекендештерибиздин адеп-ахлагынын өсүүсүнө жана келечекке болгон ишенимдеринин бекемделишине өбөлгө түзөт. Бул ыйык күндө баарыңыздардын аруу ой-тилегиңиздер орундалсын. Сиздерге бакубат өмүр, тынчтык, ырайымдуулук жана үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай каалайбыз.

Айтыңыздар маарек болсун!