«Электр станциялар» ААКму Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

«Электр станциялар» ААКму Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

Урматтуу кыргызстандыктар, 1991-жылы, 31-августта Кыргызстан өз киндигин өзү кесип, өз тагдырын, келечегин тандоого мүмкүнчүлүк алган. Элибиздин сабырдуулугу жана калыстыгы өлкөбүздү сактап калды. Биримдигибизди, келечекке ишенимди жоготкон жокпуз.

Кымбаттуу мекендештер, Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат турмуш каалайбыз.

Жерибизде ынтымак жана биримдик уялап, элибизди ийгилик коштосун!