Электр станциялар ААК өзгөчө кырдаал режиминин убагында өз объектилерин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат. ГЭСтер жана ЖЭБдер үзгүлтүксүз иштеп жатат

Электр станциялар ААК өзгөчө кырдаал режиминин убагында өз объектилерин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат. ГЭСтер жана ЖЭБдер үзгүлтүксүз иштеп жатат

“Электр станциялар” ААКнын объектилери – ГЭСтери жана ЖЭБдери өлкөнүн жашоосун камсыздоочу мамлекеттин өзгөчө маанилүү объектилеринин катарын толуктайт. Ошондуктан, өндүрүштүк ишмердикти үзгүлтүккө учуратпоо үчүн, COVID-19 менен жана өзгөчө кырдаал режими менен күрөшүү боюнча КРдын республикалык штабынын сунуштамасына ылайык компания бир катар чараларды кабыл алды:

  • объектилерде медиктердин жана транспорт каражаттарынын суткалык кезекчилиги уюштурулган;
  • персоналды медициналык текшерүү күн сайын жүргүзүлүп жатат;
  • ишканалардын кызматтык жайларын, транспортторун жана жалпы колдонуучу жерлерин күчөтүлгөн дезинфекциялоо жүргүзүлүп жатат;
  • компаниянын жетекчилик курамынын суткалык кезекчилиги уюштурулган;
  • объектилерди коргоо режими күчөтүлгөн;
  • административдик персоналдын бөлүгү обочолонгон иш режимине которулган;
  • компаниянын башкы директорунун жетекчилиги астында ЖК штабы иш алып барат, абалды көзөмөлдөө жүргүзүлүп турат.

Бардык объектилер штаттык режимде иштеп жатат. Өткөн суткада 38 млн. 095 кВт.саат электр энергиясы иштелип чыккан.

Маалыматтык: “Электр станциялар” ААКы – генерирлөөчү компания, Кыргызстандын бардык электр энергиясынын 98% иштеп чыгарат. “Элетр станциялар” ААКы персоналынын жалпы саны 4554 кишини түзөт. Компаниянын курамына 7 ГЭС жана 2 ЖЭБ кирет. Жалпы белгиленген кубаттуулук – 3892 МВт: ЖЭБ – 862 МВт, ГЭС – 3030 МВт. Жылдык иштеп чыгаруу – 12 ден 14 млрд. кВт/саатка чейин.