“Электр станциялар” ААК өз кызматкерлеринин кесиптик шык-жөндөмдөрүн жогорулатат

“Электр станциялар” ААК өз кызматкерлеринин кесиптик шык-жөндөмдөрүн жогорулатат

Коомдун кызматкеринин кесиптик даярдыгын жана квалификациясын жогорулатуу максатында сентябрдын 18 нен 23 нө чейин окуу-өндүрүштүк борборунда “Өндүрүштө жаракатты алдын алуу жана кырсыктуу абалдардын тобокелчилигин азайтуу боюнча персонал менен иштөө”, ошондой эле “Мембраналык технологияны колдонуу менен ХСТ тейлөө” программалары боюнча Москва шаарынын Москва энергетикалык институтунун химия илимдеринин кандидаты, “Суу жана отун технологиясы” кафедрасынын профессору Любовь Константиновна Гончарованын, “Тула регионалдык эмгекти коргоо жана өрт коопсуздугу борборунун” деректири Владимир Александрович Амётовдун жана мугалим Егор Владимирович Ковальчуктун катышуусунда окутуу-семинары өтүүдө.

Семинардын жүрүшүндө өндүрүштөгү жаракатты алдын алуу боюнча, химиялык суу тазалоону тейлөө боюнча иштер каралып, талданып жана талкууланып жатат.

Кызматкерлерди жигээрдүү окутуу менен биз алардын эмгек машыгууларын жакшыртабыз. Мындай жол-жоболор жана машыгуулар жылуулук электр борбор өндүрүшүнө керектүү.

Биринчи кезекте компания үчүн өндүрүштүн коопсуздугун камсыздоо, киши өмүрүн сактоо жана кызматкерлердин ден-соолугу биринчи орунда тураарын белгилөө зарыл.

Орусия Федерациясынан чакырылган профессорлордун катышуусундагы Бишкек ЖЭБиндеги окутуу-семинары