Бишкек ЖЭБи кышкы жүктөмдөрдүн максимумун аткарууга даяр

Бишкек ЖЭБи кышкы жүктөмдөрдүн максимумун аткарууга даяр

Бишкек ЖЭБи кышкы жүктөмдөрдүн максимумун аткарууга даяр. Бардык жабдуулар керектүү көлөмдөгү оңдоп-даярдоо иштеринен өткөрүлдү.

Бишкек ЖЭБи үчүн Д, ДГ жана Г маркаларындагы көмүрдү жеткирүүгө тендердин жеңүүчүсү аныкталган. 2019-2020-жж. күз-кыш жылытуу мезгили үчүн Бишкек ЖЭБине көмүрдү жеткирүүчүлөрдүн бири болуп "КонтактУглеПром" ТОО табылды.

1 027 219 008 сом бюджети менен 400 000 тонна көлөмдөгү Д, ДГ жана Г маркасындагы көмүрдү жеткирүүгө тендер 29-июлда жарыяланган. Баалоонун жыйынтыктары мамлекеттик сатып алуулар порталында 6-сентябрда жарыяланды.

Жеткирүүлөрдүн графиги 2020-жылдын мартына чейин эсептелген, биринчи көлөмү сентябрда келип калат.

Бүгүнкү күнү, Бишкек ЖЭБинде 80 000 тонна көмүр бар, Кара-Кече отунун жеткирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Станциянын үзгүлтүксүз иштеши үчүн ушул көлөм жетиштүү.

Ошондой эле, ДСШ маркасындагы көмүрдү жеткирүүгө тендер ушул жумада жарыяланат. Бардыгы, күз-кыш жылытуу мезгилине Бишкек ЖЭБи үчүн 1 млн. 140 миң тонна көмүр даярдалат.

Өткөн күнү ишкана 1 млн. 421 миң кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгарды.

Бишкек ЖЭБи - өлкөбүздүн түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу жалгыз ири жердин бири, кыш мезгилинде күнүнө 6-7 млн.кВт/саат чейин иштеп чыгарат.