Бишкек ЖЭБдин турбиналык жана буу казандарынын цехтери жылууланды жана айнектелди

Бишкек ЖЭБдин турбиналык жана буу казандарынын цехтери жылууланды жана айнектелди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаардык ЖЭБдин ишин текшерди, ал жерден энергетикалык сектордун ишканалар жетекчилери менен жылытуу мезгилинин өтүшү жөнүндө талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек ЖЭБин кыдыруунун жүрүшүндө турбиналык жана буу казандарынын цехтери, жаңы блоктордун машина залдары, жылуулук электр борборунун башкы башкаруу калкагы, техникалык суу камсыздоочу жана химиялык суу тазалоочу курулмалары каралды.

Премьер, реагенттерди колдонууну азайтуу жана заманбап мембраналык технологияларды киргизүүнүн эсебинде тазаланган сууларды өндүрүүдө чыгашаларды азайтууга, ишкананын иштешинин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берген, 1-кезектеги химиялык суу тазалоочу цехтин реконструкцияланган жаңы жабдуулардын иши менен таанышты. Башта бул жерде иондук алмашуу технологиясы колдонулуп келген.

Ишкананы модернизациялоонун башкы максаты электр энергиясын иштеп чыгаруу көлөмдөрүн көбөйтүүгө багытталгандыгын Бишкек ЖЭБинин директору А. Воропаев маалымдады.

Анын айтуусу боюнча, жаңы цехтин долбоордук кубаттуулугу - саатына 144 м3 суу. I-II баскычтагы кайтарма осмостун системи, төрт интегралдуу суу тазалоочу орнотмолор жана үч ультра чыпкалоочу орнотмолор, жыйырма сегиз насостор иштеп жатат. Жаңы химиялык суу тазалоочу систем экологиялык ченемдерге жооп берет, жабдуулар автоматтык режимде иштейт, бул өз кезегинде Бишкек ЖЭБдин жабдууларынын колдонулушун жеңилдетет.

I кезектеги ХСТ жаңы системи киргизилгенге чейин Бишкек ш. ЖЭБдин химиялык суу даярдоо цехинин жалпы аракеттеги өндүрүмдүүлүгү 360 м3/саатты түзгөн. Учурда химиялык цехтин кубаттуулугу 504 м3/саатты түзөт.

Ошондой эле турбиналык жана буу казандарынын цехтерин жылуулоо жана айнектөө боюнча өткөрүлгөн иштер боюнча баяндалды, буга чейин цехтердин ичиндеги абанын температурасынын төмөндүгү имараттын айнектелбегендигинен улам байкалган.

Өкмөт башчысы, негизги энергетикалык объектилерге таш көмүр менен мазутту өз убагында сатып алуу жана калк үчүн көмүр сатуу түйүндөрүн уюштуруу боюнча аларга башта берилген тапшырмалардын аткарылышы жана жалпысынан энергетика системинин кезектеги иштери тууралуу маалыматтарды алды.

Бишкек ЖЭБдин турбиналык жана буу казандарынын цехтери жылууланды жана айнектелди