Бишкек ЖЭБдин 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маалымат

Бишкек ЖЭБдин 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маалымат

Бишкек шаарынын ЖЭБи “Электр станциялар” ААКынын филиалдарынын бири болуп эсептелет жана электр менен жылуулук энергиясын айкалыштырылган түрдө иштеп чыгуусуна багышталган.

Бүгүнкү күндө жылуулук электр борборунда 17 от казан агрегаттары жана 9 турбо агрегаттары орнотулган.

ЖЭБ “Бишкекжылуулуктармагы” ААКы берүүчү жылуулук жүктөмдөрүн коё берүү менен, “КУЭТ” ААКынын борбордук диспетчердик кызматы жана “Электр станциялар” ААКынын режимдик-диспетчердик кызматы тарабынан берилген жүктөмдөрдүн графиги боюнча иштейт.

Бишкек шаарынын мериясынын 2019-жылдын 31-октябрындагы тескемесине ылайык, 2019-2020-жылдардын жылытуу мезгили Бишкек ЖЭБинде 2019-жылдын 1-ноябрында башталган. 2019-2020-жылдардын ККД өтүү үчүн ЖЭБге бардыгы 1140 миң тонна өлчөмдөгү отунду, анын ичинде 400 миң тонна импорттук жана 740 миң тонна кыргыз көмүрүн, 4 миң тонна мазутту, 34,352 млн м3 жаратылыш газын жеткирүү болжолдонгон.

Бүгүнкү күндө бардыгы болуп жергиликтүү маркадагы көмүрдөн 305,8 миң тонна жана импорттук 122,6 миң тонна жеткирилген.

2019-2020-жылдардын ККД күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү максатында жана Бишкек шаарына жылуулук жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо үчүн Бишкек шаардык ЖЭБинин оңдоо иштерине кирген жабдууларына, имараттарга жана курулмаларга ЖЭБде пландалган оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп турат.

Болжолдонгон оңдоп-түзөө иштери негизги жабдууларды оңдоо графигине ылайык жүргүзүлүп турат. Бардык жабдуулар жана персоналдар кышкы жүктөмдөрдүн максимумун алып жүрүүгө даяр. Ошондуктан, Бишкек шаарынын ЖЭБи бүгүнкү күндөгү абалы боюнча 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилин өтүүгө толук даяр.

Ошондой эле күз-кыш мезгилинин келиши менен, эрежеге ылайык, экологиянын маселелери да актуалдуу болуп баштайт. “Электр станциялар” ААКы аларга өзгөчө көңүл бурушат.

Айлана-чөйрөгө таасирди жакшыртуунун камын көрүп, компаниянын жетекчилиги тарабынан көмүрдүн чаңдашын чектеген түзүлүштөрдү сатып алуу чечими кабыл алынган. Бул түзүлүш көмүрдүн чаңын орчундуу түрдө кыскартат, мунун менен тышкы абаны булгабастан дээрлик бардык чаң ЖЭБдин аймагына басырылып калат. Түзүлүш чаңдын ызгышына жол бербейт, себеби анда атайын датчиктер коюлган, чаң акырында тең катмарланып басырылат, тышкы абага чаңдардын чыгуусуна алып келбейт.

Чаңды басырылтчу бул түзүлүш Бишкек ш. ЖЭБдин аймагы жана андан сырткары жерде экологиялык абалды кыйла жакшыртууга жол берет.

Белгилеп кетиш керек, өлкөбүздүн түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыгарган жалгыз ири булак - Бишкек ЖЭБи,кыш мезгилинде суткасына 6-7 млн. кВт/саат иштеп чыгат, ошондой эле бул көрсөткүч бардык күз-кыш мезгили бою сакталат, бул болжол менен 150 күн, биздин жылуулук электр борборубуз биздин үйүбүздү жылуулук менен камсыздайт.