Бишкек ЖЭБде биринчи кезектеги химиялык суу тазалоо цехинин курулушу аяктады

Бишкек ЖЭБде биринчи кезектеги химиялык суу тазалоо цехинин курулушу аяктады

Бүгүн, 2018-жылдын 1-октябрында, жаңы химиялык цехтин курулушу Бишкек ЖЭБде аяктады. Жаңы цехтин ишке киргизилиши менен ишенимдүүлүк жогорулап, реагенттердин колдонулушун азайтуу жана заманбап мембраналык технологияларды колдонуу аркасында тазаланган суу өндүрүшүндөгү коромжулар азайтылды. Буга чейин иондук алмашуу технологиясы колдонулуп келген. 

Курулуш иштерин аткарууда 70 тен 100 чейинки адистер тартылып, 1500 метр байланыш жана бириктирме түтүктөрүн төшөлүп, 450 метр куб бетон куюлду, 1700 метр квадрат шыбак иштери, 1500 метр квадрат шыпты жабуу жана башка көптөгөн башка курулуш иштери. Химиялык цехтин жалпы аянты 1500 метр квадратты түзөт. Жаңы жабдуулардан чыккан зыяндуу заттар экологиялык нормага жооп берет, жабдуулардын автоматтык шартта иштеши Бишкек ЖЭБдин жабдууларынын тейлөө ишин кыйла жеңилдетет. Долбоор кытай тараптан иштелип чыккан.

  • Курулуштун наркы 4,5 млн. АКШ долларын түзөт (“Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” алкагында);э
  • ТБЕА компаниясынын өкүлдөрү ЖЭБдин жаңы жабдуулары менен бир жыл толук иштешет жана аларга жаңы адистерди даярдашат;
  • Казандарды азыктандырчу ХСТ, ЖЭБдин буу генераторлоруна багытталган химиялык суу тазалоону жүргүзөт.

Маселенин тархынан:

Химиялык суу тазалоочу эски цех

  • before 2
  • before 1

2017-жылдын июлунда, техникалык кеңешме маалында биринчи кезектеги химиялык суу тазалоочу эски цехтин ордуна химиялык цех куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. Акыркы 15 жыл ичинде, биринчи кезектеги химиялык цех жабдуулардын эскиргендигинен улам иштеген эмес. ЖЭБдеги казандарды камсыздоодо тузсуз сууну берүү үчүн 4 кезектеги химиялык суу тазалоо цехи иштеген.

2018-жылдын мартына чейин адегенде эски жабдууларды чачуу орун алган, жабдууларды куроо 2018-жылдын августунда башталды. 1-октябрда химиялык цехтин курулушу ийгиликтүү аяктаган.

Жаңы химиялык суу тазалагыч цехи

Жаңы цехтин долбоордук кубаттуулугу саатына 144 м3 түзөт. Жабдуунун курамы: 28 сүрмөк, 4 интегралдуу суу тазалоочу түзүлмө, 3 даана ультра чыпкалоочу, 3 даана 1 жана 2 баскычтуу арткы осмостун жабдуусу жана башка жабдуулар