Бишкек шаарынын ЖЭБинде жүргүзүлгөн оңдоо иштерине байланыштуу 26-январь күнү, Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө жылуулук энергиясынын берилиши чектелүү болот

Шаардык ЖЭБдин кезекчи персоналдын пландык карап чыгуусунун жыйынтыгында сууну кайтаруу түйүнүнүн суу түтүгүндө мүчүлүштүк табылган. Бул жагдай сууну кайтаруу түйүнүнүн су түтүктөрүнүн өчүрүлгүз тилкесинде ачыкталып, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо мезгилинде трассалык суу түтүктөрүн алмаштырууда келип чыккан. Жеринде комиссия иштеп жатат.

Оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын керектөөчүлөрүнө берилчү жылуулук жана ысык сууну убактылуу өчүрүү зарыл. Бул зарыл иштердин өткөрүлүшү Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жылуулук жүктөмдөрдүн убактылуу төмөндөшүнө алып келет.

Батыш-1 жана Батыш-2 магистралдык суу түтүктөрүндө (шаардын борбордук бөлүгү, темир жолдун түндүк жагы) жылуулук жүктөмдөрүн өчүрүү орун алат.

Оңдоо иштери 26-январда таң эрте башталып, кечки саат тогузда бүтүрүү болжолдонууда. Бишкек ЖЭБдеги адистерге бул иштерди болушунча эң кыска убакытта бүтүрүү маселеси коюлду.

“Электр станциялар” ААКты жана “Бишкекжылуулуктармагы” ААКты күтүүсүз жагдайлар менен байланышкан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурашат жана жүргүзүлчү оңдоо иштерин туура түшүнүү менен кабыл алууну суранышат. Жылуулук энергиясы үчүн эсептөөлөр, өткөрүлгөн оңдоо иштеринин убактысын эске алуу менен жүргүзүлөт.