Бишкек шаарынын ЖЭБде суу түтүктөрүн оңдоо иштери аяктады

“Электр станциялар” ААКты Бишкек шаарынын ЖЭБдеги оңдоо иштерин ийгиликтүү аякташты. Учурда ширетип бириктирилген жерлерди тазалоо жана контролдоо жүрүүдө. Жылуулукту жана ысык сууну берүүнүн айланма режими калыбына келүү абалында.

Кемчиликти жоюуда борбордук жылуулук борборунун 150 адиси, кезекчи тобунун 10 жана лабораториянын 5 кишиси иш алып барышты.

Бишкек шаарынын ЖЭБдин адистери оңдоо иштерин эң кыска убакытта аякташты.