Ат-Башы гидро электр станциясы Нарын аймагында электр энергиясын өндүргөн жалгыз булак болуп саналат. Ат-Башы ГЭСи Нарын облусунун бийик тоолу Нарын районунун Ат-Башы суусунда жайгашкан. Ат-Башы суусу Нарын дарыясынын биринчи ири сол жээктеги куймасы болуп саналат.
Пайдалуу 7,0 куб метр көлөмү менен суткалык жөнгө салуунун Ат-Башы гидро түйүнү. ГЭСтин суусунун эсептик чыгымы – секундасына 70,4 м3. Станция деңиз деңгээлинен 1900 м. бийиктикте жайгашкан. Бийиктиги 79 м. ГЭСтин плотинасы жергиликтүү майда таш-шагыл аралаш топурактан жана таштардан толтурулган. Үстүңкү бөлүгүндө 0,6 мм полиэтилен пленкасынан диафрагма жайлаштырылган, бул фильтрациялоого каршы түзүлүш болуп саналат. Өзүнүн конструкциясы боюнча бул плотиналык-деривациялык түрүндөгү ГЭС. Станциянын орнотулган кубаттуулугу – 40 МВт, ал эми орточо көп жылдык электр энергиясын иштеп чыгаруу 160 млн. кВтсаат/жыл түзөт. Ошентип ал электр энергиясынын Нарын облусундагы керектөөсүн 35% га жабат. Азыр ГЭСте 120 га жакын киши эмгектенишет. Белгилеп кетиш керек, гидро электр станция Нарын облусундагы туруктуу жумуш берүүчү болуп саналат.
Ат-Башы ГЭСинде күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөөлөр, техникалык тейлөөлөр боюнча бардык зарыл иштер аяктаган жана төмөнкүдөй иштер аткарылган:
- Өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын от казандары жана жылытуу тутумдары жылытуу мезгилине даярдалган;
- Өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын кышка даярдыгы аткарылган:
- Өндүрүштүк жайлардын терезелери жана эшиктери текшерилген жана калыңдатылган;
- Сынган терезенин айнектери алмаштырылган/
- 2016-жылдын 7-июнундагы “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” КРдин №78 Мыйзамынын талаптарына, 2018-жылдын 22-августундагы “КРда өрт коопсуздугунун эрежелерине” жана РД 153.-34.0-03.301-00 (ВППБ 01-02-95*) ылайык май тутумдарынын жана кабелдик чарбалардын өрт коопсуздугунун абалына деталдуу изилдөө жүргүзүлдү, отунду берүү, мазут тутумунун жана электр станцияларынын май чарбаларынын, май куюучу жайлардын жана кампа чарбасынын жарылып кетүү коопсуздугу, негизги курулмалардын өрткө каршы корголуусу табылган кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чараларды түзүү менен текшерилди, жыйынтыгында бузуулар четтетилди;
- Айланадагы аба табынын кескин төмөндөшү, жүктөмдү таштоо менен жана электр станциялардын өздүк керектөөлөрүн калыбына келтирүү боюнча байланышкан кемчиликтерди эске алуу менен аварияга каршы машыгуулардын атайын темалары иштелип чыкты, оперативдик персрнал менен электр станциялардын ар кандай режимдеги иштеринде аварияларды жоюу тартиби иштелип чыккан;
- Күз-кыш мезгилинин келээр алдындагы тематика боюнча ушундай аварияга каршы машыгуулар бекитилген график боюнча өткөрүлгөн;
- Иштеткилердин ысышына, коммутациялык аппараттардын бактарына, аккумулятордук батареялардын жайларына текшерүү жүргүзүлгөн;
- Май толтурулган жабдууларга майды жеткире куюу ишке ашкан жана өчүргүчтөрдүн багынан конденсат агызылып чыгарылган;
- Ченемге ылайык трансформатордук, турбиналык, кабелдик жана компрессордук майлардын резерви түзүлгөн;
- Чукулчабыш токторунун аракетинде (к.з) термикалык жана динамикалык туруктуулукка жабдуулар текшерилген.
Азыркы убакта күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн бардык зарыл болгон заманбап өндүрүштүк техникалык база, жогорку квалифицирленген персонал жана жаратылыш катаклизмдеринин кесепеттерин жоюуга жетиштүү оперативдик тажрыйба бар. Ошентип, Ат-Башы ГЭСинин персоналы күз-кыш жүктөмдөрдүн максимумдук шарттарында ишке толугу менен даяр.