2018-жылдын тогуз айындагы жыйынтыгы боюнча Улуттук Энергохолдинг Башкармалыгынын кеңейтилген жыйналышы болду

2018-жылдын тогуз айындагы жыйынтыгы боюнча Улуттук Энергохолдинг Башкармалыгынын кеңейтилген жыйналышы болду

2018-жылдын 31-октябрында Башкармалыктын Төрагасы А.Э. Абдыкадыровдун жетекчилиги астында Улуттук энергохолдинг Башкармалыгынын кеңейтилген жыйналышы болду.

Жыйналышка Улуттук энергохолдингдин төрагасынын орун басарлары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары жана “Электр станциялар” ААК, “КРУЭТ” ААК, “Түндүкэлектро” ААК, “Чыгышэлектро” ААК, “Ошэлектро” ААК, “Жалалабатэлектро” ААК, “Бишкекжылуулук тармагы” ААК, “Чакан ГЭС” ААК энергетикалык компаниялардын жетекчилери катышты.

Жыйынтыгында, 2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдөн өтүү жана аларды ишке ашыруу чаралары боюнча андан аркы маселелер катышуучулар тарабынан аныкталды.
Башкармалыктын кеңейтилген жыйналышы пландуу түрдө болгон. Кийинкиси энергетикалык компаниялардын он эки ай ичиндеги иштеринин жыйынтыгы боюнча өткөрүлөт.

Улуттук энергохолдинг Башкармалыгынын кеңейтилген жыйналышы

Башкармалыктын кеңейтилген жыйналышынын алкагында “2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилине туунду коомдордун даярдыгы тууралуу жана 2018-жылдын тогуз айындагы туунду коомдордун иштеринин жыйынтыгы жөнүндө” маселе каралды