2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү тууралуу “Электр станциялар” ААКты маалымдайт

2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилине “Электр станциялар” ААКтын филиалдарын даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы №249 Токтомуна ылайык, кийинки - Токтогул, Күрпсай, Шамалды-Сай, Ат-Башы, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин жети агрегаттарына капиталдык жана орточо оңдоо иштерин өткөрүү каралган. Азыркы мезгилде дээрлик бардык иштер аткарылган.

Үч-Коргон ГЭСинде оңдоо иштердин жүрүшүндө түйүндөрдүн аябай эскиргендиги табылгандыгына байланыштуу, иштин көлөмүнүн көбөйүшүнөн улам ГА-3 төгү иштерди аяктоо мөөнөтү жылдырылды.

Камбар-Ата-2 ГЭСинде ИБ ГА-1 затворлорун көтөрүү боюнча иштер аяктаган.

Гидроагрегат үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында ишке киргизилген, учурда диспетчердик режимде иштеп, электр энергиясын иштеп чыгарууда.

Бишкек ш. жана ОШ ш. ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатышат жана берилген температуралык режимге ылайык калкка жылуулук беришүүдө.

Бүгүнкү күндө калк менен өндүрүш үчүн керектүү көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгарууну “Электр станциялар” ААКты толук камсыздаган. Таңсыктык менен чектөөлөр жок, керектөөлөрдүн өсүшүн кошо эсептегенде дагы 400 МВт өлчөмүнө чейин кубаттуулуктун камдыгы бар. Күнү-түнү жана үзгүлтүксүз иштөө үчүн бардык шарттар филиалдарда камсыздалгандыгын белгилеп кетиш керек.